Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-10
Н. Исанов айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылындагы С. Атабаев көчөсүнө асфальт төшөөгө Ноокат райондук өнүктүрүү фондусунан каржылануусуна макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылындагы С.Атабаев көчөсүнө 500 метр аралыка асфальт төшөөгө айылдык Кеңештин депутаты Жапаров Таалайдын билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын С. Атабаев көчөсүнө 500 метр аралыка асфальт төшөө Ноокат райондук өнүктүрүү фондунан каржылануу боюнча сунушу жактырылсын.
2. Жар-Коргон айылынын С. Атабаев көчөсүнүн асфальт төшөө үчүн Ноокат райондук өнүктүрүү фондуна иш кагаздарын даярдоо жагы Н. Исанов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |