Редакцияот 14.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 12-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 14-сентябры №12-11

Жаңы-Базар айылынын Алике участкасындагы 9076 м2 жер тилкесиндеги “Алике” мечитинин күн чыгыш тарабынан 25 м2 жер тилкесине келишимдин негизинде убактылуу байланышты жана интернетке жеткиликтүүлүктү күчөтүү үчүн бийик мамы орнотууга макулдук берүү жөнүндө

Н. Исанов айыл аймагында Жаңы-Базар айылынын Алике тургундарынын суроо-талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна негиз, Жаңы-Базар айылынын Алике участкасындагы 9076 м2 жер тилкесиндеги “Алике” мечитинин күн чыгыш тарабынан 25 м2 жер тилкесине келишимдин негизинде убактылуу байланышты жана интернетке жеткиликтүүлүктү күчөтүү үчүн бийик мамы орнотуу боюнча депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

 

 

1. Н. Исанов айыл аймагында Жаңы-Базар айылынын Алике тургундарынын суроо-талабы канааттандырылсын.

 

2. Жаңы-Базар айылынын Алике участкасындагы 9076м2 жер тилкесиндеги “Алике” мечитинин күн чыгыш тарабынан 25 м2 жер тилкесин ЖЧК “НУР-Телеком” ишканасына мыйзам чегинде убактылуу ижарага келишимдин негизинде берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Убактылуу байланышты жана интернетке жеткиликтүүлүктү күчөтүү үчүн бийик мамы убактылуу орнотууга ижара келишимин түзүп, иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин Регламент депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын корго боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Н.Жолдошов