Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-12
Кожоке айылынын Кожоке атындагы орто мектебинин күн батыш тарабындагы бактын этек жагынан 25 м2 жер тилкесине келишимдин негизинде убактылуу байланышты жана интернетке жеткиликтүүлүктү күчөтүү үчүн бийик мамы орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов айыл аймагында Кожоке атындагы орто мектебинин 2024-жылдын 29-августундагы №1 педагогикалык кеңешменин протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна негиз Кожоке айылынын Кожоке атындагы орто мектебинин күн батыш тарабындагы 0, 70 га бакка тиешелүү болгон жер тилкенин батышынан 25 м2 жер тилкесине келишимдин негизинде убактылуу байланышты жана интернетке жеткиликтүүлүктү күчөтүү үчүн бийик мамы орнотуу боюнчадепутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кожоке атындагы орто мектебинин 2024-жылдын 29-августундагы №1 педагогикалык кеңешменин протоколу канааттандырылсын.
2.Кожоке атындагы орто мектебинин 2024-жылдын 29-августундагы №1 педагогикалык кеңешменин протоколуна негиз, Кожоке айылынын Кожоке атындагы орто мектебинин күн батыш тарабындагы 0, 70 га бакка тиешелүү болгон жер тилкенин батышынан 25 м2 жер тилкесин келишимдин негизинде ЖЧК “НУР-Телеком” ишканасына убактылуу байланышты жана интернетке жеткиликтүүлүктү күчөтүү үчүн бийик мамы орнотуугамакулдук берилсин.
3.Убактылуу байланышты жана интернетке жеткиликтүүлүктү күчөтүү үчүн бийик мамы орнотууга мыйзам чегинде убактылуу ижара келишимин түзүп, иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин «Регламент депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын корго» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |