Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 25-марты № 62
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө тажик тарапка кабарласын жана ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |