Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-13
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин беш жылдык иш планын бекитүү берүү жөнүндө
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобосуна негиз, Н. Исанов айыл өкмөтүнүн «Жайыт Пайдаланучулардын Бирикмеси» беш жылдык иш планын бекитип берүү үчүн айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис А.Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобосуна ылайык, Н. Исанов айыл өкмөтүнүн жайыт бирикмесин беш жылдык планы жактырылсын.
2. Н. Исанов айыл өкмөтүнүн жайыт башкаруу бирикмесинин беш жылдык планына негиз, ар жылдык иш планы иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |