Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-14
Н. Исанов айыл аймагына караштуу Кожоке айылынын тургуну Тотоев Абдинабиге тиешелүү жер тилкесине суу сактоочу кампа куруу жөнүндө
Н. Исанов айыл аймагына караштуу Кожоке айылынын тургуну Тотоев Абдинабиге тиешелүү жер тилкесинен таза суу сактоочу кампа курууга, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кожоке айылынын тургуну Тотоев Абдинабинин Н. Исанов айыл өкмөтүнө тартуу кылып, муниципалдык менчикке өткөн жер тилкесине суу сактоочу кампа куруу боюнча Н. Исанов айыл өкмөтүнүн сунушу жактырылсын.
2. Тийиштүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы Н. Исанов айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |