Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 3 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 11
Сокулук өнүктүрүү фонду боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Урматов Мирлан Шеримкуловичтин "Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн Гавриловка айылындагы Парк зонасын көрктөндүрүү" долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Сокулук өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы кезектеги XXIX чакырылышынын кезектеги 2-сессиясынын жыйналыштын протоколунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук өнүктүрүү фондунун 2025-жылга бюджетинин долбоору
5 134 995(беш миллион бир жүз отуз төрт миң тогуз жүз токсон беш) сом суммасында бекитилсин.
2. 3 134 995(үч миллион бир жүз отуз төрт миң тогуз жүз токсон беш) сом суммасында өздүк салым бекитилсин.
3. Сокулук өнүктүрүү фондунун 2025-жылга карата долбоорун даярдоого жана ишке ашырууга Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ы.Б.Нааматов |