Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIXчакырылыштын 2 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 13-декабры №5
Гавриловка айылдык кеңешинин
Регламентин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелипчыккан жака Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштурууну жана депутаттардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жетекчилике алып, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылыштын регламенти №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б.Нааматов |