Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-ноябры № 1/I-1
Кайыңды шаардык кеңешинде коалиция түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 10, 21 беренелеринин негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. “Ынтымак”, “Бирге-Вместе”, “Ишеним” саясий партияларынан коалиция түзүлсүн.
2.“Ынтымак”, “Бирге-Вместе”, “Ишеним” партияларынан Кайрат Төрөканович Назарбеков коалициянын лидери болуп шайлансын.
3.“Эл – Аман”, “Жаны – Кыргызстан” саясий партияларынан коалиция түзүлсүн.
4.“Эл – Аман” , “Жаны – Кыргызстан” партияларынан Жанарбек Нуржанович Капалов коалициянын лидери болуп шайлансын.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясынын төрагасы |
Ж.А. Орозумбеков |