Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-ноябры № 2/I-2
Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Абдрасулов Урмат Бейшеналыевич Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясынын төрагасы |
Ж.А. Орозумбеков |