Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-ноябры № 5/I-5
III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кайыңды шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. 2024-жылдын 7-декабрында саат 10:00 дө III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кайыңды шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушу өткөрүлсүн.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин. (№ 1 тиркеме)
3. Кайыңды шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушуна катышуучуларды шайлоо боюнча жарандардын чогулуштарынын жана чогулуштарынын графиги жана Кайыңды шаардык кеңешинин жооптуу депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№ 2 тиркеме).
4. Кайыңды шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушуна катышуучуларды тандоого Кайыңды шаарынын тургундарын мобилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
Төрага У.Б. Абдрасулов
Кайыңды шаардык кеңешинин
2024 – жылдын 27 – ноябрындагы
№ 5/II – 1 токтомуна
№ 1 тиркеме
Кайыңды шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушун уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1.Абдрасулов У.Б. – Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы.2. Сыдыгалиева А. К.- Кайыңды шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы. 3.Рысалдиева З.Ж. – Кайыңды шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси, жумушчу топтун мүчөсү.
4. Райымбеков Р.К. – Кайыңды мэриясынын башкы адиси – юристи, жумушчу топтун мүчөсү.
5.Кабаев Э.О. – главный специалист по доходам мэрии г. Каинда, член рабочей группы.
6. Турдалиева А.Б. – Кайыңды шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси, жумушчу топтун мүчөсү.
7.Суюнтбекова К. О. – АУЧ боюнча жетектөөчү адиси, жумушчу топтун мүчөсү
№ 2 Тиркеме
Кайыңды шаарынын көчөлөрүн бөлүштүрүү жана Кайыңды шаардык кеңешинин жооптуу депутаттарын Кайыңды шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынынын мүчөлөрүн тандоо
Чогулуштун датасы: 2024-жылдын 29-ноябры, саат 14-00.
1 участок
2 участок
3 участок
1. Коммунистическая жооптуу депутаттар – Баялиев А.
2. Космонавтов Исаева А.
3. Кабельная
4. Молодежная
5. Пионерская өткөрүү жери: “Надежда” дүкөнү-
6. Береговая нүн жанында, Джуматаева көч.
7. Дзержинского
8. Хабарова
9. Луговая
10. Озерная
11. Каиндинская
12. Джуматаева
4 участок
1. Пролетарская жооптуу депутаттар – Джунушбаев Т.
2. Лермонтова Садыков С.
3. Трудовая Этекбаева М.
4. Казаченко өткөрүү жери: Трудовая көч. (унаа жуугуч району)
5 участок
1. Каныкей жооптуу депутаттар – Жээнали к. К.
2. Октябрьская Молдалиев Б.Дж.
3. Краснооктябрьская Уралиева А.
4. пер. Заводской
5. Заводская өткөрүү жери: А.И. Радченко атындагы
6. 60 лет Октября спорткомплексинин имаратынын
7. Железнодорожная жанында
8. Шопокова
9. пер. Садовый
10. Белоброва
11. Бейзерц
12. Северная
13. Горького
14. Тихонова
6 участок
1. Московская жооптуу депутаттар – Байгучуков М.
2. Джанузакова Бактыбеков А.
3. Куйбышева Гончарова И.С.
4. Гагарина Наркулова З.
5. Ленинградская Озубеков К.
6. Н. Кислых
7. Комсомольская өткөрүү жери: «Победа» паркында
8. Мира