Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-июлундагы № 14/2
Теңдик айылындагы “Кочкор-Эпкин” альтернативалык автоунаа жолун курууда сугат суусу менен камсыз болбой калган сугат айдоо жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан ”Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Теңдик айылынын тургундары Г.Молдобаева, К.Темирбек уулу, С.Абдырахманов, Т.Абдырахманов, Б.Ажымамбетова, Ж.Абдырахманов жана Т.Акидеев, Теңдик айылындагы “Түндүк-Түштүк” альтернативалык автоунаа жолун курууда үлүш жерлери сугат суусу менен камсыз болбой, түшүмдүүлүгү азайып, түшүм бербей калгандыгын билдиришип жердин багытын өзгөртүп, лагистикалык борбор курууга сурап кайрылган арызынын негизинде Кочкор райондук мамлекеттик нотариалдык канторасында 8-июль 2022-жылдагы катталган № 2688 реестри жана 22-июль 2022-жылдагы протокол ээлеринин маалыматы угулуп, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айырым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 12 мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123 мыйзамынын 30,33,34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Теңдик айылындагы “Кочкор-Эпкин” альтернативалык автоунаа жолун курууда сугат суусу менен камсыз болбой калган картографиялык чийме боюнча инвентар № 273-контурунан 8,1га, жер тилкесинин багытын өзгөртүп,лагистикалык борбор курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан ”Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Теңдик айылындагы катографиялык чийме боюнча инвентар № 273-контурундагы сугат айдоо жер тилкесинин багытын өзгөртүгө макулдук берилген 8,1га жерге тиешелүү документти жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана тийиштуу органдарга жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 Токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобого ылайык, жер отчетторуна өзгөртүү киргизүү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кочкор филиалынан суралсын.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөт башчынын орун басары Т.Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |