Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-декабры № 6/III-1
2022-жылдын 08-апрелиндеги “Кайыңды шаарында “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү” жөнүндө” № 35/XI– 1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 – жылынын 24 февралындагы ПЖ № 54 “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым – жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгын аткаруу ирээтинде , жана Кайынды шаарынын мэриясынын “ Кайыңды шаарында үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым – жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү” жөнүндө катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.2022-жылдын 08-апрелиндеги “Кайыңды шаарында “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү” жөнүндө” № 35/XI– 1 токтому менен кабыл алынган Жобого өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жобонун “Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө 4-пункту толугу менен өзгөртүлүп толукталсын, мындан ары төмөндөгүдөй пунктар менен толукталсын:
4.1. Маркумду акыркы сапарга узатууда, аза күтүү күндөрүндө мал жандык союуга тыюу салынат.
4.2. Маркумду эскерүүдө үй-бүлөнүн шартына карап, 1 майда жандыктан ашык союлбоосу шарт.
4.3. Маркумду эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда жер-жерлерде калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
4.4. Аялдарга таркатуу үчүн жыртыш же бет арчууларды берүү жагы токтотулсун.
4.5. Маркум чыккан жерге килем көтөрүү, чүпүрөк, токоч жана таттуу кутуларды алып баруу иштерин токтотуу зарыл.
4.6. Маркумду эскерүүнүн жумалыгы, кыркы, жылдыгы, ашы бодо мал, жылкы союу менен өткөрүлбөстөн жакындары менен гана жөнөкөй тартипте өткөрүлөт.
- Жобонун: “Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө” 6-пунктунда көрсөтүлгөн “бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар Соттор» жɵнүндɵ мыйзамда каралган айып жазаларынын ɵлчɵмдɵрү, салынган айыптарды тɵлɵɵ мɵɵнɵтү жана тартиби” деген сөздөр алынып, “талабын бузган адамдарга карата чаралар жергиликтүү аксакалдар соту тарабынан колдонулат” деген сөздөр менен толукталсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” № 53 Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Кайыңды шаарынын мэриясына жер-жерлерде мечиттердин имамдары менен биргеликте калк арасында дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элдик жыйындарда жогоруда белгиленген Жарлыктын башкы максатын, негиздерин эл ичинде жайылтуу иштер күчөтүлүүсү көрсөтүлсүн.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б.Абдрасулов |