Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-июлундагы № 14/4
Кочкор айыл аймагындагы Теңдик канторунун түштүк тарабындагы балдар аянтчасына парк статусун берүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагындагы Теңдик канторунун түштүк тарабындагы балдар аянтчасына парк статусун берүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Т.Жумагуловдун сунушун угуп, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» № 123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагындагы Теңдик канторунун түштүк тарабындагы балдар аянтчасына парк статусу берилсин.
2. Кочкор айыл аймагындагы Теңдик канторунун түштүк тарабындагы балдар аянтчасына парк статусун алууда керектүү документтерин дайындоо жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |