Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-апрели № 184
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |