Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-июлундагы № 14/5
Кочкор айылындагы Маданият үйүнүн күн чыгыш тарбындагы, муниципалдык жер аянтынан, административдик имарат куруу үчүн 1500 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор айылындагы Маданият үйүнүн күн чыгыш тарбындагы, муниципалдык жер аянтынан, административдик имарат куруу үчүн 1500 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен келген сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» № 123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылындагы Маданият үйүнүн күн чыгыш тарбындагы, муниципалдык жер аянтынан, административдик имарат куруу үчүн 1500 чарчы метр жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Кочкор айылындагы Маданият үйүнүн күн чыгыш тарбындагы, муниципалдык жер аянтынан, административдик имарат куруу үчүн 1500 чарчы метр жер аянтынан бөлүнүп берилген жердин керектүү документтерин дайындоо жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |