Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2025-жылдын 18-февралы № 89-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташтык боюнча биргелешкен комиссия түзүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча биргелешкен комиссия түзүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
ар түрдүү тармактарда эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташуу мамилелерин өнүктүрүүгө өз ара умтулуунун негизинде,
эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү натыйжалуу жана бекем улантуу үчүн Биргелешкен комиссиянын маанилүүлүгүн таануу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташуу чөйрөлөрү
1. Тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн мындан ары "Комиссия" деп аталуучу Биргелешкен комиссияны түзөт. Комиссияга төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- өз ара кызыкчылыкты коргогон саясий мүнөздөгү маселелер боюнча маалыматтарды жана пикирлерди алмашуу;
- коргонуу жана коопсуздук, киберкоопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү жаатында кызматташуу;
- экономика, соода жана инвестициялар;
- билим берүү, жогорку билим берүү, илимий, маданий жана көркөм изилдөөлөрү;
- консулдук кызматташуу, бажы, кургактагы, деңиз жана аба транспорту;
- саламаттык сактоо, социалдык кызмат көрсөтүүлөр, социалдык камсыздоо, айыл чарба, мал чарбачылыгы жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу;
- меморандумдун предметинин жана максаттарынын алкагында Тараптар аныктаган кызматташуунун башка бардык багыттары.
2. Комиссия өлкөлөр ортосунда кол коюлган макулдашуулардын, келишимдердин жана кызматташуу программаларынын аткарылышын көзөмөлдөйт жана аларды толук түрдө ишке ашыруунун үстүндө иштейт.
3. Комиссия ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматташуу чөйрөлөрүндө Тараптардын ортосунда маалымат, тажрыйба алмашууга жана консультацияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
2-берене. Комиссиянын башчысы
1. Комиссияны эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери же алардын өкүлдөрү жетектейт.
2. Комиссиянын жыйналыштарына министрлердин орун басарлары же Комиссия тарабынан каралуучу эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча жетекчи кызмат адамдарынын жана адистердин ичинен алардын өкүлдөрү катышат.
3-берене. Комиссиянын жыйналышынын орду жана убактысы
1. Комиссия өзүнүн кезектеги жыйналыштарын эки жылда бир жолу ар бир өлкөнүн борборунда кезектешип же өзгөчө учурларда Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча өткөрөт.
2. Тараптар Комиссиянын жыйналыштарынын мөөнөттөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу белгилөөнү макулдашты.
4-берене. Жумушчу топ
1. Комиссиянын алдында Жумушчу топ түзүлөт, ал Комиссиянын жыйналыштарын даярдоону, контролдоону жана координациялоону жүзөгө ашырат. Жумушчу топтун жыйналыштары Комиссиянын жыйналыштарына чейин болот жана ушул Меморандумдун 3-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Комиссиянын жыйналышы өтүүчү борбордо өткөрүлөт.
2. Тараптардын мамлекеттеринин тышкы иштер министрликтеринин жогорку кызмат адамдары Жумушчу топтун жыйналыштарында тиешелүү делегацияларды жетектейт, алардын курамына Жумушчу топтун күн тартибине киргизилген жана Комиссиянын жыйналыштарында талкуулана турган кызматташуу багыттары боюнча компетенттүү органдардын өкүлдөрү кирет.
3. Жумушчу топтун курамына жагдайлар талап кылган учурда тараптардын мамлекеттеринин бизнесмендери жана соода-өнөр жай палаталарынын мүчөлөрү кириши мүмкүн.
5-берене. Комиссиянын жыйналышынын күн тартиби
1. Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоору кабыл алуучу Тарап тарабынан даярдалат жана экинчи Тарапка жыйналыш башталганга чейин кеминде эки ай мурда берилет.
2. Жумушчу топ күн тартибине киргизүү үчүн сунуштамаларды иштеп чыгат, алар жалпыланат жана Комиссиянын жыйналышынын протоколуна киргизилет.
3. Комиссиянын жыйналышынан келип чыккан бардык талкуулар, документтер, протоколдор, билдирүүлөр же расмий жарыялар купуя бойдон калат жана Тараптардын макулдугунан тышкары жайылтылууга же жарыяланууга тийиш эмес.
6-берене. Отчет
Жумушчу топ Комиссиянын кезектеги жана кезексиз жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерге байкоо жүргүзөт жана алар боюнча Комиссиянын кароосуна отчетторду берет.
7-берене. Талаштарды чечүү
Ушул Меморандумду колдонууга жана/же чечмелөөгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
8-берене. Аткаруу, өзгөртүү, колдонулушун токтотуу
1. Ушул Меморандум Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптар макулдашкан шарттарда күчүнө кирет.
3. Ушул Меморандум беш жыл бою күчүндө болот жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге ар бир жолу узартылат.
4. Ушул Меморандумдун күчүн токтотуу, ушул Меморандумдун алкагында колдонууда болгон ар кандай макулдашуулардын, программалардын же иш-чаралардын аткарылышына жана колдонуу мөөнөтүнө алар толугу менен аяктаганга чейин же колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин таасир этпейт.
Эль-Кувейт шаарында 20___-жылдын ______ ________________ эки түп нускада кол коюлду, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кандайдыр бир айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
____________________________________ |
| ____________________________________ |