Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( I чакырылышынын) кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №12
«Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө “Кытай жол жана көпүрө куруу корпорациясы” тарабынан киреше салыгы түшпөй калгандыгына байланыштуу чыгаша бөлүгүнөн 2000,0 (эки млн) сомго азайтып берүү жөнүндө»
Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө “Кытай жол жана көпүрө куруу корпорациясы” тарабынан киреше салыгы түшпөй калгандыгына байланыштуу чыгаша бөлүгүнөн 2000,0 (эки млн) сомго азайтып берүү жөнүндө Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин №01-12/3273 сандуу чыгыш каты боюнча бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б. Кураналиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө “Кытай жол жана көпүрө куруу корпорациясы” тарабынан киреше салыгы түшпөй калгандыгына байланыштуу чыгаша бөлүгүнөн 2000,0 (эки млн) сомго азайтып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |