Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-июлундагы № 14/6
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун жана Кочкор айыл өкмөтүнүн Кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын айыл өмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун кызматташтык жөнүндө макулдашуусун карап жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун «Нарын облустуна айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү» программасынын алкагында Кочкор айыл өкмөтү менен түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө макулдашуусу бекитилсин
2. Жогорудагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн аракеттерди көрүү жана ишке ашыруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |