Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 1-марты № 125-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 121-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтү (мындан ары биргелешип "Тараптар" жана жекече "Тарап" деп аталуучу),
Кыргыз Республикасы менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого умтулуп,
экономикалык кызматташууну өз ара пайдалуу түрдө кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
мындан ары кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды жана талаптагыдай негиздерди түзүү максатында эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны тереңдетүү зарылдыгына ишенүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринде колдонулган мыйзамдарга ылайык Тараптар өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Бул Макулдашуунун алкагында ишке ашырылуучу кызматташуу төмөнкүлөргө багытталат:
1) эки тараптуу экономикалык мамилелерди чыңдоо үчүн экономикалык потенциалды пайдалануу;
2) эки тараптуу экономикалык мамилелерди, атап айтканда, тышкы соода жүгүртүү, инвестициялар, инновациялар, экономикалык долбоорлорду жана башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө интенсификациялоо.
2-берене.
Бул Макулдашуунун 1-беренесинде айтылган кызматташуу төмөнкү тармактарда жана формаларда жүзөгө ашырылат:
1) төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана илгерилетүү:
- соода;
- инвестициялар;
- энергетика, өнөр жай жана кен байлыктарды иштетүү;
- маалымат жана маалымат технологиялары;
- транспорт;
- айлана-чөйрөнү коргоо;
- билим берүү, илим жана технологиялар;
- спорт;
- айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай тармактары;
- туризм;
- банк иши;
- интеллектуалдык менчик;
- техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана метрология;
- саламаттык сактоо;
- аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо жол-жоболору;
- инновациялар, экосистемалардын стартаптарын колдоо жана өнүктүрүү;
- башка өз ара кызыкчылыктын тармактары;
2) инвестициялык долбоорлорду каржылоо менен байланышкан механизмдерди жөнөкөйлөтүү;
3) эки өлкөнүн коммерциялык жана кесиптик уюмдарынын, компанияларынын, палаталарынын жана ассоциацияларынын ортосундагы байланыштарды илгерилетүү;
4) инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүчү консалтингдик, юридикалык, банктык жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;
5) бул Макулдашууда көрсөтүлгөн тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жарманкелерди, көргөзмөлөрдү, семинарларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүү;
6) биргелешкен ишканаларды түзүүгө көмөктөшүү жана биргелешкен бизнес-иштин башка формаларына дем берүү;
7) Тараптардын экономикалык өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана экономика, соода жана инвестициялар жаатында делегациялар жана эксперттер менен алмашуу;
8) экономикалык ишти, инвестицияларды, сооданы, техникалык жөнгө салууну жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча маалымат алмашуу (анын ичинде өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу маселелери боюнча), ошондой эле лицензияларды, концессияларды жана уруксаттарды, интеллектуалдык менчикти берүү;
9) эки Тараптын ортосунда туристтик агымдын өсүшүнө жана иш сапарларына дем берүү үчүн эки тараптуу аба каттамдарын түзүүгө көмөктөшүү;
10) Тараптар макулдашкан кызматташуунун башка формалары.
3-берене.
1. Тараптар экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-вьетнам комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзөт, ал ушул Макулдашууда айтылган тармактарда өз ара аракеттенет жана:
- кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүн болгон тармактарды аныктайт, аларды ишке ашыруу үчүн чараларды жана сунуштамаларды сунуштайт;
- эки өлкөнүн экономикалык субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- эки тараптуу соодага жана экономикалык кызматташууга тоскоол болгон көйгөйлөрдү аныктайт жана бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды сунуштайт.
2. Комиссия Төрагалар жетектеген кыргыз жана вьетнам бөлүктөрүнөн турат. Айрым маселелерди кароо үчүн Комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде жумушчу топторду түзө алат.
3. Комиссия Тараптардын биринин сунушу боюнча жыйналыштарды кезек менен Кыргыз Республикасында жана Вьетнам Социалисттик Республикасында өткөрөт.
4. Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү датасын жана күн тартибин Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашууга тийиш.
5. Кабыл алуучу Тарап Комиссиянын жыйналышынын протоколун түзөт, ага жыйналыштын жыйынтыгы боюнча Төрагалар кол коёт.
4-берене.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден же алардын эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыгуучу алардын укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси жок.
5-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн.
6-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөөдөн же аткаруудан келип чыгуучу ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
7-берене.
1. Бул Макулдашуу дипломатиялык каналдар аркылуу келип түшкөн акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет, анда Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө бири бирине билдирет.
2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө колдонулат. Ар бир Тарап алты (6) ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүү менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
3. Эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашууга ылайык ишке ашырылуучу долбоорлордун же биргелешкен иштин колдонулушуна же узактыгына, алар толук же биротоло аяктаганга чейин таасир этпейт.
"_____________" шаарында 20___-жылдын "___" _________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, вьетнам жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст басымдуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтү үчүн |