КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 5-августундагы № 15/4
А. Жекшенкуловдун турак-жайын өткөрүп алуу жөнүндө
Кочкор айылынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан А.Жекшенкуловдун ата-энесинин турак-жайын 2019-жылдары, айылга бала бакча ачуу максатында берилген. Бирок азыркы мезгилге чейин тиешелүү документтери менен толук өткөзүлүп алына элек. Жергиликтүү тургундар бала бакчага муктаж болуп жаткандыктан, бул ишти аягына чейин аткарып, бала бакча ачуу максатында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Токтогул көчөсүндөгү А.Жекшенкуловдун турак жайы тиешелүү документтери менен толукталып, айыл өкмөтүнүн балансасына өткөзүлүп алынсын.
2. Бул ишти мыйзам чегинде аткаруу менен тиешелүү документтерди толуктоо боюнча иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |