Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-августундагы № 15/5
“Татына-Нуру” бала бакчасына акча которуу жөнүндө
Кочкор айылынын К. Кыдыралиев атындагы орто мектепке жайгашкан “Татына-Нуру” бала бакчасынын балдарына тамак-аш алуу боюнча 02.08.2022-жылдагы жетекчиси Г.Бексултанованынын кайрылуусунунун негизинде «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын «Татына-Нуру» балдар бакчасынын тарбиялануучуларына 2022-2023-окуу жылдарына тиешелүү акча каражаты которулуп берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Э. Эшмукамбетов |