Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 3-апрели № 68
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин экинчи бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) жалпы пайдалануудагы темир, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү, туннелдерди, эстакадаларды курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоп-түзөөгө бөлүнүүчү жерлерге, ошондой эле жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды курууда зарыл болгон инерттүү материалдарды казып алуу үчүн арналган жерлерге;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |