Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 4-апрели № 72

 

"Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 7-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

7-берененин 1-бөлүгүндө:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

"71) террордук ишти каржылоо;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:

"81) террордук иштерди жүргүзүүгө карата ачык чакырыктар;";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:

"111) уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо;";

г) төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:

"131) куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;";

д) төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:

"151) диверсия;".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682)  жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 13-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган