Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезектеги сессиясы
2019-жылдын 26-декабры № 2
Подстанцияны баланстан баланска өткөрүү жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу А. Арыстанов орто мектебинин подстанциясын жана 16 кв.метр жер аянты менен айыл өкмөтүнүн балансынан Бакай-Ата райондук электр тармактар башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү максатында Кең-Арал айылдык Кеңешинин ХХХІХ-чакырылышынын кезектеги сессиясы токтом кылат
1. А.Арыстанов орто мектебинин подстанциясы айыл өкмөтүнүн балансынан Бакай-Ата райондук электр тармактар башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Арыстанов орто мектебинин подстанциясы жайгашкан 16кв.метр жер аянты айыл өкмөтүнүн балансынан Бакай-Ата райондук электр тармактар башкармалыгынын балансына мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жаты айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Токоновго милдеттендирилсин.
Төрага |
| И. Жумабеков |