Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №1
Осо Палванов атындагы мектебинин жаңы курулуп жаткан имаратына Абдыгапар Салибаевтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы О.Палванов атындагы мектебинин жанында курулуп жаткан 500 орундуу жаңы мектеп имаратына Салибаев Абдыгапар Салибаевичтин ысым ыйгаруу боюнча Кош-Коргон, Жараке, Таш-Булак, Жаңы-Акман Кайырма, Колот айылдарынан келген кайрылууну угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы О.Палванов атындагы мектебинин жанында курулуп жаткан 500 орундуу жаңы мектеп имаратына Салибаев Абдыгапар Салибаевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашырып, документ иштерин даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |