Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №3
Кыймылсыз мүлк салыгы жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагында 2025-2027-жылдар үчүн кыймылсыз мүлк салыгынын зоналык ставкасын көтөрүү боюнча 2025-жылдын 21-январындары № 045/05-01-04/68 сандуу каты менен Базар-Коргон райондук салык кызматынын каты боюнча айыл өкмөттүн адисинин сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагында 2025-2027-жылдар үчүн кыймылсыз мүлк салыгынын зоналык ставкасын 40сом деп белгиленсин.
2. Мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |