Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №5
Ички жумуштар жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы Түлкү-Жар участкасындагы таштанды таштоочу жайды жабуу боюнча, 2025-жылга алынып келинген электр мамычаларын бөлүштүрүү, электр трансформаторлорун РЭСтин эсебине өткөрүп берүү боюнча орун басар К.Матисаковдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы “Түлкү-Жар” участкасындагы таштанды таштоочу жай зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү менен коопсуз жабуу уюштурулсун жана мыйзам чегинде таштанды таштоого ылайыктуу жер карап, документери даярдалсын.
2. Акман айыл аймагындагы трансформаторлор тез арада РЭС балансына өткөрүлүп берилсин.
3. 2025-жылдын бюджетинен алынуучу электр мамычалары 10 айылга тең бирдей бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |