Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №6
Долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын элин катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн атайын техника алуу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомдук долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын элин катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн атайын техника алуу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомдук долбоорун жактырылсын.
2. 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомдук өздүк салым Акман айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |