Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №7
Мадания үйүнө эмерек алуу долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын Жаны-Акман айылындагы маданият үйүнө эмерек сатып алуу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 600 000 (алты жүз миң) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 60 миң (алтымыш миң) сомдук долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаны-Акман айылындагы маданият үйүнө эмерек сатып алуу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 600 000 (алты жүз миң) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 60 миң (алтымыш миң) сомдук долбоору жактырылсын.
2. 60 000 (алтымыш миң) сомдук өздүк салым Акман айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. 540 000 (беш жүз кырк миң) сом акча каражаты Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |