Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №8
Камфорка сатып алуу долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын Карача, Баймундуз айылдарындагы балдар бакчаларына камфорка сатып алуу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 300 000 (үч жүз миң) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 30 миң (отуз миң)сомдук долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Карача, Баймундуз айылдарындагы балдар бакчаларына камфорка печка сатып алуу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 300 000 (үч жүз миң) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 30 миң (отуз миң)сомдук долбоору жактырылсын.
2. 30 000 (отуз миң) сомдук өздүк салым Акман айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сом акча каражаты Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |