Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №10
Долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын Карача айылындагы №28 Асыл балдар бакчасынын кире беришине жаандан коргоочу арка формасындагы чатырча куруу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 272 195 (эки жүз жетимиш эки миң бир жүз токсон жети) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 27 219 (жыйырма жети миң эки жүз он тогуз) сомдук долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Карача айылындагы №28 Асыл балдар бакчасынын кире беришине жаандан коргоочу арка формасындагы чатырча куруу үчүн Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 272 195 (эки жүз жетимиш эки миң бир жүз токсон жети) сомду түзгөн, анын ичинен өздүк салым 27 219 (жыйырма жети миң эки жүз он тогуз) сомдук долбоору жактырылсын.
2. 27 219 (жыйырма жети миң эки жүз он тогуз) сомдук өздүк салым Акман айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинен төлөнүп берилсин.
3. 244 976 (эки жүз кырк төрт миң тогуз жүз жетимиш алты) сом акча каражаты Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |