Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №11
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынында “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Жобону угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын айыл тургундар арасында “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Жобо №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн жыл жыйынтыгы менен бир жылына бир жолу айылдык кеңештин сессиясына жарандарды сунуштоо Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана жергиликтүү коомдоштуктар менен иш алып баруу боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |
| №11 токтомуна №1 тиркеме Бекитем Акман айылдык кеңешинин төрагасы___________А.А.Асилбеков 03.02.2025-жыл |
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1.1 Бул Жобо Акман айыл аймагынын“Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 Ардактуу атуул” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары - шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 “Ардактуу наам” ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөт кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
1.4 “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.6 Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда ар айылдан бирден адамга гана ыйгарылат.
2.1 Акман айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айыл аймактын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Акман айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
2.3 Акман айыл аймагынын инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
3.1 Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3. ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
• Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айыл аймакка анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү;