Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-1
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, 2024-жылда жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, 2024-жылда жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылда жыйынтыгы боюнча айыл аймагында аткарылган иштери, 2024-жылда жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловдун маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын сапаттык денгээлин жогорулатуу, айыл өкмөтүнүн башкаруучулугун өнүктүрүү, элдик демилгелерди колдоп кубаттап, айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматкерлерди жоопкерчилигин күчөтүп, алардын илимий-практикалык жөндөмүнөн натыйжалуу пайдаланып, ички жана тышкы резервтерден толук пайдалануу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнү толуктап, чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Республикабызда жакырчылыкты кыскартуу багытында кабыл алынган программаларды жана айылдык кеңеши тарабынан бекитип берилген 2025-2029-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы боюнча белгиленген иштерди жандандыруу, аз камсыз болгон, колунда жок үй-бүлөлөргө даректүү жардам берип, аларды экономикалык маданий, рухий жактан өсүп-өнүүгүсүнө көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө жана анын аймагында жайгашкан ишкана-мекемелердин жетекчилерине тапшырылсын.
4. Учурдагы базар экономикасынын шартында агрардык сектордо иштеп жаткан дыйкан-фермер чарбаларына жакындан практикалык жардам берип, күнөсканаларды куруу, айыл чарбасында жаңы жогорку түшүм берүүчү сапаттуу пахта буудайдын үрөндөрү менен камсыздоо, (биринчи эгинден бошогон картошка, пияз, буудай аянттарына) экинчи эгиндин аянттарын көбөйтүү, жаңыдан интенсивдүү бактарды аянттарын көбөйтүп, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен жылдан жылга айыл аймагынын айыл чарбасында өсүү темпин жогорулатуу, инвестицияларды тартуу менен кайра иштетүүчү кичи цехтердин ишин жандандырып, жаңыларын куруу менен жаңы жумуш орундарын түзүү, өз ара жардамдашуу топторун, жамааттык уюмдардын аткарып жаткан иштерин колдоп, аларды моралдык жактан колдоп кубаттоо айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
5.2025-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу үчүн белгиленген иш-чаралардын өз убагында так аткарылышын камсыз кылууда, айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда айыл аймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку денгээлге көтөрүү жагы айыл өкмөтүнө жана тийиштүү адистерине тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |