Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 3-февралы №13
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы Ош-Бишкек авто унаа жолунун жээгиндеги Зулкарнайн дүкөнүнүн жанындагы бош жаткан 50м.кв жер тилкесин, Бешик-Жон айылындагы №13 Байчечекей балдар бакчасынын жанындагы бош жаткан 800м.кв жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу боюнча айыл өкмөттүн жер адиси С.Маматкуловдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылындагы Ош-Бишкек авто унаа жолунун жээгиндеги Зулкарнайн дүкөнүнүн жанындагы 50м.кв аянттагы жер тилкеси, Бешик-Жон айылындагы №13 Байчечекей балдар бакчасынын жанындагы 800м.кв аянттагы жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашырып документ иштерин жүргүзүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А.А.Асилбеков |