Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-2
С.Юсупова айыл өкмөтүндө 2024-жыл ичинде айыл өкмөтүнө инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында аткарылган иштери жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүндө 2024-жыл ичинде айыл өкмөтүнө инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында аткарылган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүндө 2024-жыл ичинде айыл өкмөтүнө инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында аткарылган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловдун маалыматы эске алынсын.
2.Айыл өкмөтүнө инвестицияларды жана гранттарды тартуу, атайын долбоорлорду иштеп чыгуу жана жазуу иштерин штаттык бирдигинен чыкпай бир адиске бекитип берүүсү сунушталсын.
3.Айыл аймагындагы муниципалдык мекемелердин негизинен мурда Союз убагында курулган капиталдык ремонт талап кылынуучу балдар бакчаларын имараттарын тизмеси такталып, ремонт иштерине инвесторлорду тартуу боюнча атайын долбоорлорду даярдоону айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүнө кошумча кайра иштетүүчү кичи ишкана, цехтерди ачууда, курууда жана начар абалдагы жолдоруна асфальт төшөөгө, жеке ишкерлерди, инвесторлордуу, гранттарды тартууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |