Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-3
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча корутундусунун негизинде айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жана 47-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р. Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер, чыгашалар 53 млн 657 миң 800 сом менен бекитилсин. Анын бардыгы жергиликтүү бюджет экендиги белгиленсин. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1, №2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
(№1, №2-тиркеме тиркелет)
3. Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине 670,0 миң сом каражат жайыт пайдалануучулар бирикмесинен түшүрүү белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине (спец. счет) айыл өкмөтүнүн муниципалдык балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын ата-энелеринен балдарга тамак-аш үчүн кошумча 2 млн 600 жүз миң сом топтолуп түшүүсү белгиленсин.
6. Жайыт жерлеринен пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн 3/2 бөлүгү жайыт комитетинин чыгашаларына, калган бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин чечүүгө жумшалсын.
7. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү;
- эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө;
- кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- киргизилген өзгөртүүлөр С. Юсупова айылдык кеңеши тарабынан каралып,
токтом кабыл алат.
8. Айылдык бюджетке чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход налог) боюнча 100%, жер казынасынан пайдалануу укугун берүү үчүн жыйын 7% жана роялти 50% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин. Патенттерден түшүүчү киреше, МФЖ нин ижара акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
9. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |
С.Юсупова айылдык
кенешинин
8-чакырык 3-сессиясынын
№3-3 токтомуна
№1 тиркеме
2025-жылдын айылдык бюджети:
1. КИРЕШЕЛЕР
1 | Киреше салыгы (подоходный налог) | 36999,2 |
2 | Патент | 3250,0 |
3 | Кыймылсыз мулк салыгы | 1188,0 |
4 | Транспорт салыгы | 2435,0 |
5 | Үй тамаркалардын жер салыгы | 390,4 |
6 | Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы | 3199,8 |
7 | Роялти | 190,0 |
8 | МФ жерлеринин ижара акысы | 2000,0 |
9 | Таштандыларды ташуу боюнча төлөм | 550,4 |
10 | Атайын каражат бюджетик мекемелерден | 2600,0 |
11 | Жер сатуу жана ижарага берүү (населен пункт) | 185,0 |
12 | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөм | 670,0 |
13 | Калктуу конуштардын ичиндеги жерлеринин ижара аккысы | 60,0 |
| Кирешелердин жыйынтыгы: | 53657,8 |
2. ЧЫГАШАЛАР
1 | Айлык акысы | 13238,8 |
2 | Соц фонд | 1655,8 |
3 | Иш сапар чыгымы | 300,0 |
4 | Таза сууга | 800,0 |
5 | Электр энергиясына жана жылуулукка | 1600,0 |
6 | Телефон байланышына жана интернетке | 300,0 |
7 | Көмүр | 4000,0 |
8 | Транспорт каражаты | 700,0 |
9 | Жабдуулар сатып алууга | 350,0 |
10 | Мебель сатып алууга | 500,0 |
11 | Орг техника сатып алууга | 400,0 |
12 | Жеңилдик (льгота насилен) | 2000,0 |
13 | Тамак аш (питанияга) | 2600,0 |
14 | Резерв фонд | 510,0 |
15 | Ар түрдүү иштер жана курулуш иштерине | 24033,2 |
16 | Жайыт | 670,0 |
| Бардык чыгашалардын жыйынтыгы | 53657,8 |
Төрага: | М.И. Мамитов |
С.Юсупова айылдык
кенешинин
8-чакырык 3-сессиясынын
№3-3-токтомуна
№2 тиркеме.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027 жылдарга кирешелердин жана чыгашалардын планы:
1.Кирешелер
| Кирешенин аталышы | 2025-ж | 2026-ж | 2027-ж |
1 | Киреше салыгы (подоходный налог) | 36999,2 | 41327,0 | 46781,0 |
2 | Патент | 3250,0 | 3250,0 | 3250,0 |
3 | Кыймылсыз мулк салыгы | 1188,0 | 1188,0 | 1188,0 |
4 | Транспорт салыгы | 2435,0 | 2435,0 | 2435,0 |
5 | Физикалык тараптардын жер салыгы | 390,4 | 390,4 | 390,4 |
6 | Юридикалык тараптардын жер салыгы |
|
|
|
7 | Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы | 1379,8 | 1379,8 | 1379,8 |
8 | Роялти | 190,0 | 190,0 | 190,0 |
9 | Калктуу конуштар жайгашкан жерлердин ижарасы | 60,0 | 60,0 | 60,0 |
10 | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөм | 670,0 | 670,0 | 670,0 |
11 | МФ жерлеринин ижара акысы | 2000,0 | 2000,0 | 2000,0 |
12 | Муниципалдык мүлк ижарасы | - | - | - |
13 | Таштандыларды ташуу боюнча төлөм | 550,4 | 550,4 | 550,4 |
10 | Атайын каражат бюджетик мекемелерден | 2600,0 | 2600,0 | 2600,0 |
11 | Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу | 125,0 | 125,0 | 125,0 |
12 | Теңднштирүү граты | - | - | - |
| Кирешелердин жыйынтыгы: | 53657,8 | 57985,6 | 63439,6 |
2. ЧЫГАШАЛАР
| Чыгашалардын аталышы | 2025-ж | 2026-ж | 2027-ж |
1 | Аппарат | 21199,3 | 22199,3 | 23199,3 |
2 | Айыл чарбасы | 6278,0 | 7657,0 | 8457,0 |
3 | ЖКХ | 8150,0 | 8598,8 | 10752,8 |
4 | Маданият | 1640,5 | 1640,5 | 1640,5 |
5 | Билим берүү | 14390,0 | 15390,0 | 16390,0 |
6 | Социалдык жардам | 2000,0 | 2500,0 | 3000,0 |
| Баардыгы: | 53657,8 | 57985,0 | 63439,6 |
Төрага: | М.И. Мамитов |