Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-4
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин кирешесинин калдыгы жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешесинин калдыгы 2025-жылдын 1-январына карата 3 млн 155 миң 300 сом, атайын эсептен 201 (эки жүз бир) сом, бары болуп 3 млн 356 миң 300 жүз сом калдык калгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп, айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин киреше боюнча калдыгы 3 млн 356 миң 300 сом акча каражатын пайдалануусу 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгын пайдалануусу боюнча Каржы министрлигинин Араван райондук финансы экономика башкармалыгына смета түзүп, тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө таршырылсын.
Төрага: | М.И. Мамитов |