Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-5
Айылдык кеңешинин төрагасына, айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңешинин депутаттарына айыл аймагынын тургундары, билим берүү мекемелеринин директорлору , мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилери тарабынан 2025-жылда аткарыла турган иштери боюнча арыз жазып айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен акча каражат сурап жазган арыздарын кароо жөнүндө
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасына, айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңешинин депутаттарынын атына айыл аймагынын тургундары, билим берүү мекемелеринин директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмударынын жетекчилеритарабынан 2025-жылда аткарыла турган иштери жана айылдардын көчөлөрүнө асфальт бастыруу, шагыл төгүү боюнча арыз жазып, айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен акча каражат сурап 2025-жылдын 16-январына чейин 13 арыз түшкөн. Н.Кубатов тарабынан 13 арыз окулуп, депутаттарды арыздардын мазмуну менен толук тааныштырып, айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүров жана башкы бухгалтери Р.Базарбаевдин 2025-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджети негизинен иш-план боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы эң зарыл болгон иштерине каражат каралганын бюджеттин тартыштыгын билдирип, айыл аймагынын тургундары, билим берүү мекемелеринин директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмударынын 2025-жылда аткарыла турган иштери боюнча арыздарда көрсөтүлгөн каражаттарды 2025-жылда жергиликтүү бюджетке кошумча булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен жыл ичинде акча каражатын каржылоо жагы туралуу сунушун угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджетинин негизги иш-планынан тышкары 2025-жылдын ичинде кошумча булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен арыздарда белгиленген эң зарыл жана эң көйгөйлүү, болгон иштерди аткарууга жумшалышына жана 2025-жылдын ичинде бюджетке кошумча булактардан түшүүчү акча каражаттарынын эсебинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Арыздар боюнча эң керектүү, зарыл болгон билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына аткарылуучу иштерге акча каражатын ажыратууга мыйзам чегинде мүмкүн болушунча каражат бөлүнүшү башкы бухгалтер Р.Базарбаевге сунушталсын.
3. С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасына, айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңешинин депутаттарына айыл өкмөтүнүн тургундарынан билим берүү мекемелеринин директорлорунан, мектепке чейинки билим берүү уюмударынын жетекчилери тарабынан түшкөн арыздардын ичинен сессияда каралган арыздардын айыл өкмөт башчысынын атына жазылган арыздар айыл өкмөтүнө каттого алып, аткаруу алууга кайтарылсын. Айылдык кеңешинин төрагасынын атына жазылган арыздар каттоого алынып, арыз ээлерине арызын аткарылышы боюнча билдирүүлөр берүү жагы жооптуу катчы Н.Кубатовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |