Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-6
“Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Нурдиновдун калкты таза суу менен камсыздоодо таза сууга белгиленген кызмат акысын белгилөө боюнча билдирүүсүн кароо жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасы 2023-жылдын 21-январь айындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан макулдушылган таза сууга акы алып кызмат көрсөтүүнүн прейскуранты жана кызмат акы тарифи боюнча ишкананын жетекчиси С.Нурдиновдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагынын калкын 2025-2026-жылдар ичинде (жаңы конуштарды кошуп) 100 пайыз таза ичимдик суусу менен камсыздоо боюнча толук иш алып баруусу “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Нурдиновго тапшырылсын.
2. “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоодо кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп белгиленсин.
- Үйүнүн ичинде ичүүчү суу түтүкчөсү бар кожолуктарга бир киши башына -40 (кырк) сомдон.
- Көчөдөн ташып ичкен кожолуктарга бир киши башына 30 (отуз) сомдон.
- Көчөдөн үйүнө ичимдик суу түтүкчөсүн алып кирип, улоо (бир жолу) кызмат
акысына 5011 (беш миң он бир) сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана ишкананын жетекчиси С.Нурдиновгө жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |