Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-7
“Бердике Берген ” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.С.Жолдошбековичтин катын кароо жөнүндө
“Бердике Берген ” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан айылдык кеңешинин депутаттарынан С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык жер участогундагы жайыт жеринен кум-шагыл аралашмасын казып алуу үчүн 20,0 га жер аянтын ижарага сурап жазган каты жана катына тиркелген документтери менен таанышып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнө “Бердике Берген ” жоопкерчилиги чектелген коомунун айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык жер участогундагы жайыт жеринен кум-шагыл аралашмасын казып алуу үчүн ижарага сураган 20,0 га жер аянты боюнча мыйзам чегинде кароо жагы тапшырылсын.
2. “Бердике Берген ” жоопкерчилиги чектелген коомунуна Алмалык жер участогундагы жайыт жеринен кум-шагыл аралашмасын казып алуу үчүн сураган жер аянтына тийиштүү мекеме жана ишканалардын корутундуларын мыйзам чегинде тактап, айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттардын кароосуна киргизүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |