Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-8
“С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ризаевдин арызын кароо жөнүндө
“С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ризаевдин райондун борборун жана айыл аймагынын айлана чөйрөсүн, тазалыгын сактоодо, таштандыларды ташып чыгарууда техникаларын жетишсиздигин билдирип, аталган ишканага таштандыралды ташып чыгаруучу бир заманбап таштандыларды ташып чыгаруу техника сатып алууда Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын айылдык кеңештин атынан суроо боюнча жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасына таштандыларды ташып чыгаруучу SHACMAN SX5255ZYSJR434 атайын техника сатып алууга 6 млн 700 миң сом акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Айыл өкмөтүнө “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасына таштандыларды ташып чыгаруучу атайын техника сатып алууга керектелүүчү документин даярдоо, тийиштүү салымын кошуу жана карыжылоо жагы айыл өкмөтүн тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |