Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-9
Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С.Юсупова айыл аймагындагы Октябрь айылындагы Эрке-Кашка көчөсүнүн тургундарынын Октябрь айылынын мурдатан бери Эрке –Кашка көчөсү болуп саналган “Теват” каналынын жогорусунда жайгашкан (Эрке –Кашка көрүстөнү кошо) Насыров Хамидилланын үйүнөн баштап, акыры Бөрүбаев Рустамдын үйүнө чейин азыркы күндө Навбахар көчөсүнүн бир бөлүгү болуп катталып калгандыгын белгилеп, кайрадан эски атына Эрке –Кашка көчөсү деп аталышына айылдык кеңеши токтом чыгарып берүүсү жөнүндөгү арызы толук каралып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлери угулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы №467 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталыш өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.07.2022-жылдагы №387 сандуу токтомунун редакциясына ылайык) 12,19-пунктун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагындагы Октябрь айылынын “Теват” каналынын жогорусунда жайгашкан (Эрке -Кашка көрүстөнү кошо) Насыров Хамидилланын үйүнөн баштап, акыры Бөрүбаев Рустамдын үйүнө чейин Эрке-Кашка көчөсү деп кайрадан өзгөртүлсүн.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнө өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана электрондук базалык тутумдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы тапшырылсын
3. Октябрь айылынын “Теват” каналынын жогорусунда жайгашкан (Эрке -Кашка көрүстөнү кошо) Насыров Хамидилланын үйүнөн баштап, акыры Бөрүбаев Рустамдын үйүнө чейинки Навбахар көчөсүнүн бир бөлүгү кайрадан Эрке-Кашка көчө деп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Араван районундагы бардык мамлекеттик мекемелерге айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн жөнөтүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Көчөнүн атын өзгөртүүгө зарыл болгон бардык каражаттар Эрке –Кашка көчөсүнүн тургундарынын эсебинен карыжылашы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Б.Шайымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |