Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-10
“Баластан-Олимпиец”жалпы билим берүү мекемесинин директору Ш.Махмудовдун IT адистиги боюнча окуу жайын ачуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагынан 0,03га жер тилкесин ажыратып берүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
“Баластан-Олимпиец”жалпы билим берүү мекемесинин директору Ш.Махмудовдун IT адистиги боюнча окуу жайын ачуу, райондун аймагындагы жаштарды окутуп, атайын адистерди даярдоо жана иш менен камсыз кылуу максатында айыл аймагынан 0,03га жер тилкесин ажыратып берүү, аталган окуу жайын имаратын курууда өз каражатынан карыжылоосу боюнча жазган арызы угулуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнө “Баластан-Олимпиец” жалпы билим берүү мекемесинин директору Ш.Махмудовдун IT адистиги боюнча окуу жайын ачууда имаратын курууга айыл өкмөтүнүн аймагынан сураган 0,03га жер аянты боюнча мыйзам чегинде кароо жагы тапшырылсын.
2. IT адистиги боюнча окуу жайын ачууда имаратына сураган 0,03га сураган жер аянтына тийиштүү мекеме жана ишканалардын корутундуларын мыйзам чегинде тактап, айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттардын кароосуна киргизүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Агрардык,турак-жай муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |