Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-12
С.Шарипов орто мектебинин кошумча курулуп аягына чыкпай калган эки кабаттуу имаратын оңдоп түзөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Айыл аймагындагы Араван айылынын, Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан С.Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча курулуп аягына чыкпай калган эки кабаттуу имаратын оңдоп түзөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу С.Шарипов орто мектебинин кошумча курулуп, аягына чыкпай калган эки кабаттуу имаратын оңдоп түзөөгө Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен 8 млн 992 миң 939 сом акча каражаты суралсын.
2. С.Шарипов орто мектебинин кошумча курулуп аягына чыкпай калган эки кабаттуу имаратын оңдоп түзөөгө керектелүүчү документтерин даярдоо жана карыжылоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |