Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-13
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт бөлүмүнө атайын дөңгөлөктүү экскаватор сатып алуу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунун грантынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт бөлүмүнө атайын дөңгөлөктүү экскаватор сатып алуу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт бөлүмүнө атайын дөңгөлөктүү экскаватор сатып алууга Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн 60 миң сом акча каражаты суралсын.
2.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт бөлүмүнө атайын дөңгөлөктүү экскаватор сатып алууга керектелүүчү документтерин даярдоо жана карыжылоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |