Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-14
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловдун Каррак айылынын Жаннат көчөсүнүн 1,5 км аралыктагы жолуна асфальт төшөөгө акча каражатын кароо боюнча жазган арызы жөнүндө
Айыл аймагынын Каррак айылынын Жаннат көчөсүнүн 1,5 км аралыктагы жолуна асфальт төшөөгө жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча каражатын Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суроо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловдун арызын угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын Каррак айылынын Жаннат көчөсүнүн 1,5 км аралыктагы жолуна асфальт төшөөгө акча каражаты Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суралсын.
2. Каррак айылынын Жаннат көчөсүнүн 1,5 км аралыктагы жолуна асфальт төшөөгө керектелүүчү документтерин даярдоо жана карыжылоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |