Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы №3-15
Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын
2025-жылдын 8-январындагы № 01-01-3/1 катын кароо жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 8-январындагы № 01-01-3/1 каты менен тааныштырып, айыл аймагынын калктуу конуштардагы тирикчилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгарууда ар бир кожолуктан (жылына )100 ( жүз) сомдон жана ишкана мекемелерден (менчик ишканаларда иштеген ар бир киши башына) 100 (жүз) сомдон жыйын алынуусу жана азыркы учурда бул жыйындарды жогорулатуу боюнча айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук, кирешелер боюнча башкы адиси И.Султановдун билдирүүсүн угуп, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алынып, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74, 75 беренелерини жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл аймагындагы калктуу конуштардагы тирикчилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгарууга ар бир кожолуктан 100 (жүз) сомдон жана ишкана мекемелерден (менчик ишканаларда иштеген ар бир киши башына) 200 (эки жүз) сомдон жыл ичинде жыйын алынуусу белгиленсин.
2.Айыл өкмөтүндө каттоодо турган аз камсыз болгон үй бүлөөлөр, майыптыгы бар кожолук башчылары тирикчилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн алынуучу жыйындан бошотулсун.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |