Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы №4-1
Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын
2025-жылдын 21-январындагы № 23/25/01-4/51 сандуу катын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси И.Султановдун Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январындагы № 23/25/01-4/51 сандуу каты негизинде 2025-2027-жылдардын салык мезгилинде турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык ченемин бекитип берүү боюнча маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алып “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагынын тургундарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн 1-топтогу мүлк салыгы 300 чарчы, мт ашкан (жеке менчик бир үйүнүн имараты 300 чарчы, мт ашканына ) ар бир чарчы, мт 15 сомдон болуп салык ченеми белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адистерине турак жай имараттары жана жайлары үчүн 1-топтогу мүлк салыгы 300 чарчы, мт ашкан мүлк ээлерине ар бир чарчы, мт салык ченеми 15 сомдон болуп белгиленгени боюнча айыл тургундарына жеткирүү жана жыйналуучу салыктарды жыл ичинде өндүрүү жагы жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |