Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы №4-4
Айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы 7-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясынын №22-4 токтомуна өзгөтүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңеши тарабынан Араван Билим-Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараттын натыйжалуу, максаттуу пайдалануу боюнча түзүлгөн комиссиясынын аталган имаратты билим берүү багытында пайдаланып, билим берүү мекемесине Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө №22-4 токтому кабыл алынган. Кабыл алынган токтомго №53 Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби деген жерине № 40 Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби деп жазып, токтомго өзгөтүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби мекемесинин директору М.Момунжанованын жазган билдирүүсү угулуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Араван Билим- Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараты билим берүү багытында пайдаланып, № 40 Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби деп аталсын.
2.С. Юсупова айыл өкмөтү өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана электрондук базалык тутумдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттендирилсин.
3.Араван Билим- Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараты №40 Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби деп аталышына зарыл болгон бардык каражаттар жергиликтүү бюджеттен карыжыланышы белгиленсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |